Коом Акылбек Жапаров Казакстанга иш сапары менен жөнөйт

Акылбек Жапаров Казакстанга иш сапары менен жөнөйт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту.
Ал Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоолорду айтты.
Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Аппаратынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун Казакстанга боло турган жумушчу сапарын уюштуруу маселелерин, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу багыттарын талкуулашты.
Рапил Жошыбаевдин айтымында, учурда жогорку уюштуруучулук деңгээлде жумушчу сапарга даярдык көрүлүүдө. Буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында казакстандык инвестицияларды тартуу менен өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Жакынкы арада Кыргызстанга инвесторлор келет.

Автор: Алмазбекова Дефне