Саясат Активист Эдил Байсалов экс-президент Алмазбек Атамбаев Москвага кача тургандыгын жазып чыкты

Активист Эдил Байсалов экс-президент Алмазбек Атамбаев Москвага кача тургандыгын жазып чыкты

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 24-27 октябрьда Москва жана Санкт-Петербург шаарларында боло турчу Х — Эл аралык азиаттык саясий партияларынын конференциясынын генералдык ассамблеясына катыша тургандыгы тууралуу маалыматты КСДПнын пресс-кызматы таратты.

Жарандык активист Эдил Байсалов бул маалымат тууралуу өз пикирин Twitter баракчасына билдирди. Ал төмөндөгү ойду жазган:

«Алмазбек Атамбаев ушул күнгө чейин мындай эл аралык партиялардын конференцияларында катышкандыгын көргөн эмесмин, КСДПнын атынан мындан да жогорку денгээлдеги иш-чараларга барган эмес. Москвада боло турчу кичинекей иш-чарага барам дегени, жөн эле Кыргызстандан качып кетүүгө болгон шылтоосу»