Коом АКШда полициянын огунан каза тапкан кыргыз жаранынын видеосу тарады

АКШда полициянын огунан каза тапкан кыргыз жаранынын видеосу тарады

Жалпыга маалымдоо каражаттарына Пенсильвания штатында (АКШ) полиция кызматкерлери кыргызстандык жаранды атып сала электе тартылган видео жарыяланды.

Буга чейин 5-октябрда Пенсильвания штатындагы Клинтон округунда тартип сакчылар 28 жаштагы кыргызстандыкты атып салышкан.

Жаран трак-компаниядагы ишинен айдалгандан кийин үч миң доллар айлыгын ала албаганына ызаланып жүк ташуучу унааны айдап кеткени, кийин полициянын автосун какканы боюнча маалыматтар тараган.