Бүгүн, 26-августта Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды.
Жыйынга алгач 44 депутат катышып жаткан. Кийинчерээк дагы бир депутат кошулуп, жалпы 45 депутат толук катышты.
Жыйынтыгында 43 «макул» добуш менен Айбек Жунушалиевдин талапкерлиги мэрликке өттү.
Бишкек шаарынын мэри кызматына Айбек Жунушалиевдин талапкерлигин көпчүлүк коалиция жана Министрлер кабинети сунуштаган.
Эске салсак, ал 12-августта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.