Коом 3-сентябрга карата аба ырайы

3-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, бүгүн 3-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +29…+34

Талас облусунда +27…+32

Баткен облусунда +30…+35

Ош, Жалал-Абад облустарында +30…+35

Ысык-Көл облусунда +22…+27

Нарын облусунда +22…+27

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +31…+33 градус болот.