2 күндүн ичинде Ооганстандан Кыргызстандын 24 жараны эвакуацияланганын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 18-августта Казакстандын жардамы менен 15 кыргыз жараны эвекуацияланды. Кечээ, 17-августта 9 кыргыз жараны мекенине кайтарылган.
Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы туруксуз кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоонун үстүндө иштеп жатат.