Коом 16-сентябрда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт

16-сентябрда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 16-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көлдүн айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Ош, Жалал-Абаддын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;

Талас облусунда түнкүсүн 7…+12, күндүз +25…+30;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +22…+27.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, түнкүсүн +28…+30.