Коом Бишкек-Нарын-Торугарт автожолундагы кырсыктан 3 киши каза болду

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолундагы кырсыктан 3 киши каза болду

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 50-чакырымындагы Ивановка айылында 20-августта жол кырсыгы катталып, үч киши каза болду. Алардын бирөө бир жаштагы наристе экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдун ортосундагы бетон тосмосун сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам (1 эркек, 1 аял, 1 жаш бала) дароо каза болуп, 3 адам жарадар болду.

2021-жылдын жети айында Кыргызстанда төрт миңге чукул жол кырсыгы катталып, 400дөй адам көз жумду.

Былтыркыга салыштырмалуу 2021-жылы жол кырсыгы 36% көбөйгөн, анын ичинен каза болгондор 21%, жаракат алгандар 38% түзөт. 5954 киши кырсыктан ар кандай жаракат алган.
Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 760 киши мерт болгон.