Саясат 10 күн жумушка келбеген ЖК депутатын мандатынан ажыратуу мыйзамы сунушталды

10 күн жумушка келбеген ЖК депутатын мандатынан ажыратуу мыйзамы сунушталды

Долбоордо депутаттар партиялык тизме боюнча жана бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келери белгиленген.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды.

Аталган мыйзам долбоорун Гүлшат Асылбаева, Бактыбек Турусбеков, Бакыт ТөрөбаевУлан Примов баштаган 42 депутат демилгелеп, коомдук талкууга койгон. Бул мыйзамдарды жаңы Конституцияга дал келтирүү жана ЖК депутатынын ишинин негизги принциптерин, кепилдиктерин, ошондой эле анын негизги укуктарын, милдеттерин аныктаган жоболорун өркүндөтүү максатында иштелип чыкканы жазылат.