Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсияны көбөйтүү пландалууда. Тиешелүү токтом долбоорун Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коомдук талкууга алып чыкты.
«Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылы орточо эмгек акы 18 миң 940 сомду түзгөн же 2019-жылдагы орточо эмгек акыга карата 110 пайызга өскөн. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору менен пенсиянын базалык бөлүгүн 2020-жылдагы орточо эмгек акыга карата 110 пайызга индексациялоо (көбөйтүү) сунушталууда. Ошону менен бирге эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун көлөмүнөн төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, пенсионердин жашоо минимуму 4785,4 сомду түздү.
Социалдык фонддун алдын ала эсептөөлөрү боюнча, пенсионерлердин саны 2021-жылдын 1-октябрына карата 715,5 миң адамды түзөт, алардын ичинен 48 пайызынын же 343,8 миң адамдын пенсиясынын жалпы өлчөмү 2020-жылга карата пенсионердин жашоо минимумунан төмөн. Тактап айтканда, бул категориядагы адамдар үчүн пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат.
Токтом долбоорунун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунан төмөн болгон пенсиялардын базалык бөлүгүн индексациялоого 2021-жылдын 1-октябрынан тартып республикалык бюджеттин эсебинен 154 млн 300 миң сом керектелет, ал 2021-жылга карата республикалык бюджетте каралган», — деп айтылат Министрлер кабинетинин токтом долбоорунун негиздеме-маалымкатында.